Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Панфилов атындагы паркта Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун жаңыланган эстелиги ачылды.
Мэрия билдиргендей, иш-чарага Башкы штабдын башчысы Эрлис Тердикбаев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Орусиянын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов, Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиясынын жеке курамы жана шаар тургундары катышты.
Генерал-майор И.В.Панфилов бир мүнөттүк тыныгуу менен эскерилип, Ардак кароол ротасы үч жолу залп атты.
Иван Панфиловдун эстелигинин жаңы нускасы Орусиянын Екатеринбург шаарында колодон куюлган. Эстеликтин бийиктиги тогуз метр.
1942-жылы тургузулган эски эстелик Балыкчы шаарындагы Панфилов жетектеген дивизия жайгашкан жерге орнотулду.
Айкел Панфилов жетектеген дивизиянын эрдигинин 80 жылдыгына карата жаңыланганы белгилүү болду.
1941-жылы 5-декабрда Экинчи дүйнөлүк согушта немистердин баскынчылыгына каршы Кызыл Армия негизги контрчабуулга өткөн. Анда панфиловчулар эрдик көрсөтүшкөн. (ZKo)
Дагы караңыз
Ак үй Байден менен Путиндин видеосаммитинин мазмунун ачыктадыЖогорку Кеңеш: Айлык азаят, эки башкармалык биригет Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы белгилендиСадыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Бишкек шаардык сотуна судья болуп дайындалдыАКШ жана Батыш өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданууда Жаңы кодекс: Жээнбековдун адвокаты бийликке кайрылды COVID-19: Европада миңдеген адам чектөөлөргө каршы демонстрацияга чыктыКоронавирустан дагы бир киши каза болду, 42 учур катталды