АКШ жана Орусиянын президенттери Жо Байден менен Владимир Путин 7-декабрда видео байланыш аркылуу сүйлөшөт. Анда Украинанын чек арасында орусиялык аскерлердин топтолушуна байланыштуу сөз болот.
CNN Кремлдеги ишенимдүү булагына таянып маалымдагандай, сүйлөшүү шейшембиге белгиленген.
Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков эки президент видеосаммитте Ооганстандагы кырдаалды, Ирандын өзөктүк программасы жана орус-америка кызматташтыгын талкуулашарын 3-декабрда журналисттерге билдирген.
Украина орус-украин чек арасында Орусиянын 94 миң аскери турганын маалымдап жатат.
АКШнын чалгын кызматы чек арадагы аскерлердин саны 74 миң экенин, кийинчерээк 175 миңге чейин жетиши ыктымалдыгын кабарлады.
Дагы караңыз
COVID-19: Европада миңдеген адам чектөөлөргө каршы демонстрацияга чыктыКоронавирустан дагы бир киши каза болду, 42 учур катталды Жаңы кодекс: Жээнбековдун адвокаты бийликке кайрылды Президенттик автопаркты электромобил менен жабдуу мүмкүнчүлүгү каралатСадыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Бишкек шаардык сотуна судья болуп дайындалдыМосква: мекендештер ок жеген жигитке жардам чогултуудаАбакта инсульт алган аял дарыланууга муктажКыргыз-тажик чек арасы: аскер санын азайтуу аракети