HRW Азербайжанда активисттин сабалышын иликтөөгө чакырууда

Митингдин катышуучуларын кармоо учуру. Баку. 1-декабрь, 2021-жыл.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) уюму Бакудагы тынч митингдин кууп таркатылышын жана анда оппозиционер активисттин сабалышын токтоосуз иликтөөгө чакырды.

"Азербайжан бийлиги дагы бир жолу элдин тынч митингдерге чыгуу укугун күч менен бузду", - деп билдирди уюмдун Борбордук Европа жана Борбор Азиядагы өкүлү Георгий Гогия.

Бакунун борборундагы тынч митингдин күч менен таркатылышын АКШнын Азербайжандагы элчилиги да айыптады. 3-декабрда элчиликтин "Твиттердеги" баракчасында "АКШ элчилиги Азербайжан Конституциясы менен бекемделген адамдардын тынч митингдерге чогулуу жана оюн эркин билдирүү укугун" кубаттай турганы жазылды.

Дагы караңыз

Москвада мушташкан мигранттарга иш козголду Орусия дагы төрт журналистти "тыңчылардын" катарына коштуCOVID-19: Жаңы 63 учур катталып, эки адам көз жумду БШК: Кол санактын жыйынтыгы бир гана участоктон алына элекАКШ президенти Жо Байден Украинага байланыштуу Орусияга эскертүү бердиДССУ "Омикрондон" каза тапкандар катталбаганын билдирдиМинскинин соту "Свабода" радиосун "экстремисттик" деп тапты


1-декабрдагы митингде кармалгандардын арасында оппозициялык "Мусават" партиясынын лидери Тофик Ягублу да бар. 60 жаштагы саясатчы полиция кызматкерлери аны камакта аёосуз сабашканын жана бийликти сындаганын токтоторун видеокамерага айтып берүүсүн талап кылышканын билдирди.

1-декабрда Бакуда абактагы оппозиционер, ачкачылык жарыялап отурган Салех Рустамлини бошотуу талабы менен митинг өткөн.