АКШ президенти Жо Байден Украинага байланыштуу Орусияга эскертүү берди

Жо Байден.

Орусия Украина менен чек арасында аскерлеринин күчтөнтүп жатканына байланыштуу Жо Байден Москванын Украинага каршы чабуулун "кыйынчылык кошторун" эскертти.

"Мен Путин мырзага бул кадамга баруусуна аябай жолтоо боло турган бардык демилгелерди бириктирип чогултам", - деди Байден журналисттерге.

Эскертүү Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакынкы күндөрү видеобайланыш аркылуу жолугушуусу күтүлүп жаткан учурга туш келди.

Вашингтон менен Киев Москва Украинанын чек арасына жакын жерде он миңдеген аскерлерин топтоп жатканын айтышууда.

Айрым эксперттер Орусия чек арага аскер топтоо менен НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишине байланыштуу өч алып жатышы ыктымалдыгын айтышты.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган жана соңку жети жылда 13 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган жаңжалда Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп келет.

Washington Post гезити 3-декабрда америкалык аткаминерге жана чалгындоо кызматынын жашыруун документине шилтеме жасап, Орусия келерки жылдын башында эле 175 миң аскерин камтыган көп фронттук чабуулду пландаштырышы мүмкүн деп жазды.

Украина жана Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинага жакын чек арага аскерлерди жайгаштырып, чабуулга даярданууда деп айыптоодо.

Кремл АКШнын геосаясий оюндарына Украинаны тартканы оор кесепеттерге алып келип, Москваны жооп кайтарууга аргасыз кыларын билдирген.

Дагы караңыз

Минскинин соту "Свабода" радиосун "экстремисттик" деп таптыМузыкант мамлекетке таарындыПутин Садыр Жапаровду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады"Манас" эпосунун күнү белгиленүүдөДССУ "Омикрондон" каза тапкандар катталбаганын билдирдиБаткенде чек арачы аскерлердин санын азайтуу сунушталдыМелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайландыЖапаров кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктадыМээрим Жуманазарова “АЛРОС кубогунда” Ханум Велиеваны жеңдиБШК: 4-декабрга карата добуш кагаздарынын 99,84% саналып бүттүКол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия