Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды

Мелис Турганбаев. Күрөш федераиясынын сүрөтү.

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти болуп мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев шайланды. Турганбаевди кечээ, 3-декабрда Күрөш федерациясынын бюро мүчөлөрү бир добуштан колдоп, 2024-жылдын аягына чейин Олимпиадалык циклге президент кылып дайындашты.

Турганбаев бул уюмда 2012-жылдан бери вице-президенттик кызматты аркалап келген. Турганбаевдин ордуна бул уюмдун аткаруу комитетинин мүчөсү Алмаз Бекбоев вице-президент болуп шайланды. Күрөш федерациясынын буга чейинки президенти Шаршенбек Абдыкеримовго уюмдун ардактуу президенти наамы берилди.

Шаршенбек Абдыкеримов Улуттук олимпиада комитетинин жана Күрөш федерациясынын президенттигинен кетүү үчүн 24-ноябрда арыз жазган.

Абдыкеримов 2012-жылдан бери Күрөш федерациясын, 2015-жылдан бери Улуттук олимпиада комитетин жетектеген. Күрөш федерациясы 2012-жылы мурда түзүлгөн эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү федерацияларын бир уюмга бириктирүү үчүн түзүлгөн.

Мелис Турганбаев 59 жашта. 2021-жылы Спорттук күрөш боюнча Азиялык Кеңештин («UWW-Asia») аткаруу комитетинин мүчөсү, бул уюмдун борбор Азия боюнча куратору болуп дайындалган. Мурдагы ички иштер министри, жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпиону (2019-ж). Дүйнө чемпионатында эки коло байге алган (2016-ж., 2018-ж.). Быйыл 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Октябрь шайлоо округунан талапкер болгон. (ECh)

Дагы караңыз

Мээрим Жуманазарова “АЛРОС кубогунда” Ханум Велиеваны жеңдиБШК: 4-декабрга карата добуш кагаздарынын 99,84% саналып бүттүКол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия