Жапаров кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Анкарадагы "Манас" монументи.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады.

Анда президент “Манас” эпосу кыргыз элинин байыртан келе жаткан мурасы жана дөөлөтү катары улуттук ураанга, руханий эн тамгасына айланып, дүйнөгө таанылганын белгиледи.

“Ата-бабалардын көчмөн цивилизациясы доорундагы гимни, Евразия мейкиндигинде жаңырып турган ыры болгон. “Манас” эпосу кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, жалпы эле рухий жана социалдык турмушун чагылдырган эң баалуу энциклопедиялык булак”, - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчы улуу дастанды муундан муунга өткөрүп, сактап келген манасчыларга, аны жыйнап, изилдеп, жайылтууга салым кошкон илимпоздорго баш ийип, таазим кыларын айтты.

Быйыл октябрда өкмөттүн токтому менен мамлекеттик “Манас” театры“ түптөлгөн. Жетекчиси манасчы Азиз Биймырза уулу.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген.

2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган. (ZKo)

Дагы караңыз

Мээрим Жуманазарова “АЛРОС кубогунда” Ханум Велиеваны жеңдиБШК: 4-декабрга карата добуш кагаздарынын 99,84% саналып бүттүКол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партияСот "Жахабанын күбөлөрүн" коргоду, прокуратура ага макул эмес Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 2 миллиондон аштыТекебаевге кол салууга катышкандар саясатчыдан кечирим сураштыНазарбаев Жаңы-Өзөн окуясына Аблязовду айыптадыМигранттарды кылмышка түрткөн кайдыгерликТекебаев өзүнө кол салган адамды кечирдиБектур Асанов УКМКда төрт сааттай сурак берип чыкты