Digital Ишкер-2021 деп аталган ишкердик форумга Кыргызстандын аймактарынан тандалып алынган 300 ишкер катышууда. Форум аймактардагы ишкерлерге жана жаңыдан бизнес баштап жаткандардын арасында санариптик ишкердикти жайылтууга багытталган.
Иш-чара бизнести башкарууга, өнүмдөрдү жергиликтүү базардан тышкары, сыртка экспорттоону өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү заманбап чечүүнүн жолдорун үйрөтөт.
Баяндамачылар жана эксперттер өнүмдөрдү онлайн сатуудагы креативдүү чечимдерди сунуштайт, жергиликтүү ишкерлерди колдоо зарылчылыгын түшүндүрүп берет.
Уюштуруучулардын белгилөөсүнө ылайык, иш-чара быйыл «Баштан Башта» кыймылы тарабынан ишке ашырылган «Айылдык Табышкер» долбоорунун логикалык корутундусу болмокчу.
Форумду “Баштан Башта” жарандык кыймылы “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен уюштурууда.(ZKo)
Дагы караңыз
Минскинин соту "Свабода" радиосун "экстремисттик" деп тапты"Талибан" өкмөтү ооган аялдарынын укуктары тууралуу жарлык чыгардыМигранттарды кылмышка түрткөн кайдыгерликТокаевдин Москвада катылган байлыгы Махачкалада газ өчкөнүнө нааразы болгондор жолду бөгөштү Казакстанда Жогорку соттун мурдагы судьясы соттолду Москва: жолдогу чырда кыргызстандык таксист октон жарадар болду