Махачкалада газ өчкөнүнө нааразы болгондор жолду бөгөштү

Иллюстрациялык сүрөт

Орусияга караган Түндүк Кавказдагы Дагестан республикасынын борбору - Махачкала шаарында 8 айдан бери газ өчүрүлүп, беш кабаттуу эки үйдүн жашоочулары нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын айтымында, батирлер кышкы ызгаарда жылытылбай, тамак-аш даярдоодо кыйынчылык пайда болгон.

Каршылык акциясына чыккандар Амет-Хан Султан көчөсүндө, андан соң Петр I проспектисиндеги автоунаа кыймылын токтотуп, жолдорду бөгөштү. Бул тууралуу "Кавказ түйүнү" интернет басылмасы кабарлады.

Нааразылык акциясынын катышуучулары "Газды кайтаргыла" жана "Газчылар элге каршы" деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Жол тосулган жерге шаардык милициянын өкүлдөрү келип, митингчилерди жолду бошотууга көндүрүштү. Чогулгандар акцияны аянтта улантууну пландаган, бирок кийин пикирлерин өзгөртүп, акимчиликтин жана газ кызматынын өкүлдөрүн жеринде күтүштү.

"Ушул убакытка чейин биз бардыгын мыйзам чегинде чечүүгө аракет кылдык. Бирок эч кандай жылыш болбоду. Анткени алар бизди тоготуп да коюпшпайт экен. Ошондуктан, кечээ газы жок калган адамдар көчөгө чыгууну туура көрдүк. Бул чын ниеттен чыккан кыйкырык", - деди журналисттерге Махачкала шаарынын тургуну Елена Субботина.

Анын айтымында, жарылуу болушу мүмкүн деген жагдайдан улам 17-майда көп кабаттуу эки үйгө баруучу газ түтүкчөлөрү өчүрүлгөнү айтылган. Митингге чыккан тургундар аталган үйлөрдө 2016-жылдан бери жашашат.

"Беш жылдан кийин гана, эмнегедир, бизде эсептегичтер туура эмес коюлганы, үй газга мыйзамсыз кошулган деп айтышты. Анан алар ушунча убакыт кайда жүрүшкөн?" — деп суроо салды Субботина.