Саламат Эргешов Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы кызматынан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу 2-декабрда аталган комитеттен "Азаттыкка" билдиришти.
Эргешовдун отставкасы 3-декабрдагы жыйында каралып, башкы катчынын милдетин аткаруучу адам дайындалат.
Аталган кызматта бир топ жыл иштеген Эргешов эмне себептен кызматтан кетип жатканы белгисиз.
Декабрдын ортолорунда Улуттук олимпиада комитетинин президенти шайланат. Учурда президенттин милдетин Канат Аманкулов аткарууда. Мурдагы жетекчи Шаршенбек Абдыкеримов 23-ноябрда саламаттыгына байланыштуу иштен кеткен.
"Азаттыктан" подкаст угуңуз
Анаранын баяны: Басмырлоо мени чарчаттыКыргыздын алгачкы дирижер айымы