Абактагы Равшан Жээнбековдун адвокаты президентке кайрылды

Равшан Жээнбеков БШКга арыз тапшыруу үчүн жеткирилген учуру. Архивдик сүрөт.

Адвокат Замир Жоошев абактагы саясатчы Равшан Жээнбековго байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Жактоочу жаңы мыйзамга ылайык Жээнбеков камактан бошотулушу керектигин айтып, мамлекет башчыны буга көңүл бөлүүгө чакырды.

"Жаңы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодекс күчүнө кирип иштеп жатат. Ага ылайык кылмышты жасады деп шектелип кармалган айыпталуучу кармалган убактан баштап соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин бир жылдык мөөнөттөн ашык убактылуу кармоочу жайда кармалбашы керек. Ал эми Жээнбеков бир жылдан ашуун убактан бери бул жерде (№1 тергөө абагы - ред.) кармалып турат. Биз бул мыйзам күчүнө киргенге чейин, 30-ноябрда жаңы мыйзамга ылайык Жээнбековду бошотууну өтүнүп тергөө абагынын башчысына кайралганбыз. Бирок мекеменин жетекчиси бошото албай турганын айтып жатат. Мыйзам муну милдеттендирет. Бул жерде соттун чечими кереги жок, администрация өзү 115 жана 303-беренелерине ылайык бошотушу керек", - деген Жоошев.

Жактоочу ушундай эле кайрылууну Башкы прокуратурага да жолдоду.

Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга 28-октябрда кол койгон. Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрдан тартып күчүнө кирди.

Президент 20-ноябрда прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, жаңы кодекстерде ар бир ишти кароонун чектелүү мөөнөтү болоорун, мурдагыдай айлап-жылдап ишти созууга бөгөт коюлганын билдирген.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп атап келет.

Дагы караңыз

Казакстанда миңге жакын кишиге мунапыс берилетКиевде Зеленскийге каршы митинг өттү ИИМ Текебаевге кол салуу боюнча ЖКда маалымат бердиАкматбек Келдибеков УКМКдан сурактан чыктыПрезидент депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка кол койду