Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу тууралуу 2-декабрда Жогорку Кеңеште маалымат берди. Ал фактыны укук коргоо органдары иликтеп жатканын айтып, буга чейин берилген маалыматтарды кайталады.
“Президент бизге бул ишти толук кандуу калыс тергөө боюнча тапшырма берген. Иш объективдүү тергелишине өзүбүз да кызыктарбыз жана бүт аракетибизди жумшайбыз”, - деди Аширходжаев.
Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салып, уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен.
2-декабрга караган түнү Бишкек шаардык милициясы кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Милиция шектүү жаран өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганын билдирди. Иш Жазык кодексинин “Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо” беренеси менен иликтенип жатат.
Текебаев өзү бул окуяны “саясий террор” деп, саясий ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды. “Ата Мекен” партиясы лидерине болгон кол салууну саясий репрессия жана оппозицияны коркутуп-үркүтүү катары кабыл алганын жарыялады.
Президент Садыр Жапаров окуяны иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өмүрбек Текебаевге кол салуу болбогонун, ал кимдир бөрөөлөр менен урушуп кеткенин айтты. (BTo)
Дагы караңыз
Президент депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка кол койдуБир мандаттуу округдардын айрым талапкерлери БШКга нааразылык билдирүүдөКазакстанда миңге жакын кишиге мунапыс берилетОрусия чалгынчылар үчүн смартфон чыгардыНикитенко Текебаевге кол салууну "саясий буюртма" деп атадыУКМК төрагасы чек арадагы кырдаал көзөмөлдө экенин билдирдиТашиев Текебаевге кол салуу боюнча пикирин айттыТекебаевге кол салуу боюнча ЖКда маалымат угуу сунушталды