Кыргыз-кытай чек арасынан өткөн жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйдү

Нарын-Торугарт жолундагы оор жүк тарткан автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен өткөн жүк ташуучу автоунаалар көбөйдү. Бул тууралуу 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева билдирди.

“Кытай тараптан жүк көбөйүп өтүп жатат. Буга чейин бир күндө 30 машина кирип аткан болсо, азыр ал эки эсеге көбөйүп 57-60 машине кирип атат (ред: ар бир бекеттен). Ноябрь айында Финансы министрлиги бекитип берген тапшырманы аткардык. Кыргыз-казак чек арасында да орчундуу маселе жок”, - деди Мамбетжунушева.

Быйыл 18-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бекетине барган. Ал "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып, мындан ары жүктөө "Арка" районунда эмес, "Торугарт" өткөрүү пунктунда ишке ашырылаарын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлөрүн айткан эле.

Дагы караңыз

Бажы: Айдоочуларды санаага салган санитардык зона

Кытайдан товар оор жүк ташуучу машинелер менен "Торугарт" жана "Эркечтам" аркылуу ташылып келет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алар дээрлик жабылып, соодагерлер товарын ала албай калган. (BTo)

Дагы караңыз

ЖЭБ-2 аймагындагы 47,7 гектар жер трансформация болдуЫсык-Көлдө карышкырдын тиш салуусунан бодо мал кырылдыАкматбек Келдибеков УКМКга суракка кирдиЧек ара: сабалган жарандын абалы орточо оор экени айтылдыТекебаевге кол салуу боюнча ЖКда маалымат угуу сунушталдыКыргыз-тажик чек арасында биргелешкен күзөт уюштурулат