Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 1-декабрдын кечинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылды.
Атайын кызматтан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, ал 28-ноябрда өткөн шайлоого байланыштуу сурак берүүдө. Расмий кабарда социалдык тармактарда тараган видеодо Келдибеков шайлоодогу добуш берүүнү баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө тастыкталбаган негизде сүйлөгөн деп жазылган. УКМК муну коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу деп баалап, Келдибековду түшүндүрмө берүүгө чакырды.
Акматбек Келдибеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынан катышкан. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, аталган партия шайлоодо уткан жок.
Добуштар бурмаланды деген нааразылыктар жаралып, Акматбек Келдибеков бийлик үч күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүш керектигин билдирген.
Жекшембиде кыргыз парламентине шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.
Добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасы үзгүлтүккө учурап, жыйынтыкка байланыштуу маалыматтар алмашып кеткен. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.
Дагы караңыз
УКМК Текебаев кабылган окуяга байланыштуу билдирүү тараттыМосква Кыргызстандын жаңы парламенти менен кызматташууга кызыкдарCOVID-19: Орусияда каза болгондор согуштан кийинки көрсөткүчкө жеттиАКШ кыргыз элин парламенттик шайлоого байланыштуу куттуктады