Ысык-Көлдөгү “Аврора” пансионатынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү улутташтыруудагы коррупция фактысы менен эки адам кармалды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 1-декабрда "Азаттыкка" билдирди.
Ошондой эле, ал "Дача СУ” иши боюнча тергөө аяктоо алдында турганын, Июнь окуясы боюнча тергөө уланып жатканын, жыйынтыгы да жакында коомчулукка маалым болорун белгиледи.
“Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу, 2017-жылы "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна учактын кулашы жана 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу иштерди кайра иликтөөнү президент органдарга тапшырган болчу.
Дагы караңыз
Президент менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Текебаевдин жагдайын талкууладыАКШ кыргыз элин парламенттик шайлоого байланыштуу куттуктадыБеларуста журналисттердин жана укук коргоочулардын үйлөрүндө тинтүү жүрдүҮч депутаттын кол тийбестиги: Чечимди парламент кабыл алат