Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигеновдун кол тийбестиги боюнча комиссия түзүлдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин караган депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссия бир айдын ичинде аталган эл өкүлдөрүн жазага тартууга уруксат берер-бербесин иликтеп корутунду чыгарат. Депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев берген.