Кыргызстанда бизнеске жаңы аралашып, жардамга муктаж болуп жаткан аялдардан атайын долбоорго катышуу үчүн арыз кабыл алуу жүрүп жатат. Бул туралуу 1-декабрда “Азаттыкка” “Бизнестеги айымдар” программасынан кабарлашты.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен “Курак” аялдар форуму биргеликте ишке ашырып жаткан бул программа алкагында тажрыйбалуу ишкерлер жана ишкерликке жаңыдан гана аралашып жаткан аялдар тандалып алынат. Бизнестин ысык-суугун башынан өткөрүп, ишин ийгиликтүү улантып жаткандар жаңы кадам таштагандарга насаатчы болуп, 10 ай бою чогуу иштешет.
Программанын адистеринин айтымында, бизнестин кайсы гана түрү болбосун, эгер насаатчысы, кеп-кеңешин айтып тургандары болбосо 80% бир жылга жетпей жабылып калат, ошондуктан насаатчылык өтө маанилүү.
Программага катышуу үчүн арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү – 8-декабрь. Жыйынтыгы 15-декабрда жарыяланат. Анкетаны шилтеме (https://msto.me/card1636697185/) аркылуу толтурса болот.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аял ишкер эркектерге караганда 15% көбүрөөк киреше табат, чыгымы азыраак болот, алардын 80% “жашыл технологияларга” көбүрөөк басым жасап иштешет, кирешеге караганда туруктуулукка көбүрөөк көңүл бурушат. (RK)
Дагы караңыз
Ысык-Көлгө Өзбекстандан 15 жейрен алынып келдиАба ырайы: жаан жаабайтКытай элчилиги музыкалык мектептерге аспаптарды тапшырдыАӨБ Кыргызстанга автобус алуу үчүн 50,65 миллион доллар берет