1-декабрда П.Шубин атындагы Борбордук музыкалык мектебинде Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги музыкалык мектептерине грант катары музыкалык аспаптарды тапшырды. Ага элчи Ду Дэвэнь, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана өлкөнүн аймактарындагы музыкалык мектептердин директорлору катышты.
Кытай элчилиги 2 млн. сомдон ашуун каражатка ондогон аспаптарды алып берген. Фортепиано, скрипка, баян, комуз жана башка ондогон аспаптардын бардыгы өлкөнүн аймактарындагы музыкалык мектептердин жетекчилерине тапшырылды.
Буга чейин өлкөдө арфа өңдүү айрым музыкалык аспаптардын жана аларды үйрөтүүчү адистердин жок болуп жатканы айтылган.
Быйыл июль айынын башында мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев “Азаттыкка” Кытай элчилиги менен сүйлөшүп, 2 млн. сомго музыкалык мектептерге жана окуу жайларга пианино, виолончель, скрипка, гобой, кларнет, флейта жана башка аспаптар сатып алынганын, алдыда дагы 2,5 миллион сомго аспаптарды алуу иштери жүрүп жатканын билдирген.
Кыргызстанда классикалык искусстводогу музыканттарды тарбиялай турган окуу жайлар – Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерватория, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жай. Андан сырткары Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы жана Каракол шаарында Ыбрай Туманов атындагы окуу жайлары бар. Ошону менен катар жалпысынан кошумча билим берүүчү 88 музыкалык мектеп бар. (MZh)
Дагы караңыз
АӨБ Кыргызстанга автобус алуу үчүн 50,65 миллион доллар беретИпотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 25 жылга чейин узартылдыБеш-Кемпир: эски кампада билим алган окуучулар