Модерна: азыркы вакциналар "Омикрондон" анча коргобошу мүмкүн

АКШнын "Модерна" компаниясынын аткаруучу директору азыркы вакциналар коронавирустун "Омикрон" вариантына каршы анча эффективдүү болбошу мүмкүн деп билдирди. Стефан Бансел Financial Times гезитие 30-ноябрда басып чыгарган маекте жаңы штаммдын мутациялаганын жана өтө жугуштуу экенин эске алганда, вакциналарды эмки жылы өзгөртүү керек болушу ыктымалдыгын айтты.

Мындай билдирүүдөн кийин каржы рынокторунда мунайдын жана баалуу кагаздардын баалары түшүп кетти.

"Модерна" жана Pfizer/BioNTech “Омикронду” бутага алган препараттын үстүнөн иштеп жатышат. Бирок бул жараянга, вакцинаны жактырууга бир нече ай кетиши ыктымал. Азыр ансыз да вакциналар тартыш болууда.

Британия, АКШ жана Евробиримдик жаңы штаммдын тарашына байланыштуу үчүнчү дозаны же бустерди сайдыруу иштерин ыкчамдатууга киришти.

Ал эми Европанын медицина агенттигинин аткаруучу директору Эмер Кук шейшембиде азыр колдонулуп келаткан вакциналар жаңы варианттан коргой турганын, шаркеттеги бейтаптарда симптомдор жеңил болуп жатканын белгиледи.

Дагы караңыз

Саакашвили: Митингди ФСБ уюштурган Азербайжанда аскердик тик учак кулап, 14 киши каза болдуНАТО Украинага каршы агрессиянын кесепети оор болорун Орусияга эскертти Бир катар партиялар кайра шайлоону талап кылуудаБишкекте көркөм муз тебүү боюнча "Мэрдин кубогу" өтөт