Шайлоодогу бюллетендердин 30% ашууну кол менен саналып бүттү

Үкөктөгү бюллетендерди саноого даярдык учуру.

Парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 30% ашууну кол менен саналып бүттү. Бул 30-ноябрь, кечки саат 21:00гө карата маалымат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык базасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 470ке жакынында бюллетендер эсептелди. Ал эми автоматташтырылган системада 97% ашуун бюллетень саналды.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Дагы караңыз Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Бузулуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңешке кайсы партиялар жана талапкерлер өтөт?Добуш санак: Оппозициянын талабы, бийликтин жообуТажикстандын чек арадагы курулуштары токтотулду