1-декабрдан 3-декабрга чейин Бишкекте балдар, жаштар жана чоңдор арасында көркөм муз тебүү боюнча “Мэрдин кубогу” өтөт.
Шаардык муз тебүү аянтчасындагы эл аралык турнирге Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан 90дон ашык спортчу катышарын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аны шаардык администрациянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргызстандын Коньки тебүү федерациясы менен бирге уюштурууда.
Ал эми 4-5-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда будо - каратэ боюнча шаардык ачык чемпионаты уюштурулат. Ага 10 команда, 160ка жакын спортчу катышып, мыкты команда наамы үчүн ат салышат.
"Ачык Time" подкастын угуңуз
Көйгөйүн простатитке шылтаган эркектер"Мектеп кол жеткис кыял бойдон калды"Жыныстык көйгөйлөргө каршы күрөшкөн ЖылдызИликтөөчү кыздар: Журналисттик принциптен тайбайбызАйыз жөнүндө ачык кеп