Азербайжандын Мамлекеттик Чек ара кызматына таандык тик учак кырсыкка учурап, 14 киши каза тапты, экөө жараат алды.
Чек ара кызматынын жана Башкы прокуратуранын биргелешкен билдирүүсүндө тик учак 30-ноябрда Хызы районундагы Карахейбат аэропортуна жакын жерге кулаганы жазылган.
Курман болгондордун арасында эки полковник, беш майор, үч капитан, медициналык кызматтын капитаны, эки лейтенант жана келишим менен кызмат өтөгөн жоокер бар экени маалымдалды.
Дагы бир полковник менен капитан жараат алган. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.
Дагы караңыз
Тажикстандын чек арадагы курулуштары токтотулду"Клооп" шайлоо протоколдору кайра жазылганы тууралуу видео жарыяладыРак оорулуу балдар "үмүт периштелерине" муктаж Элвира Сурабалдиева парламент депутаттыгына ат салышат