Тажикстандын чек арадагы курулуштары токтотулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз жоокери. 2021-жылдын май айы.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстан курулуш ишин баштаганын, Кыргызстан аны токтотконун билдирди.

30-ноябрда таратылган расмий кабарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, Сүлүктү-Пролетарск темир жолунун Лейлек районунун аймагындагы тилкесин тажик тарап демонтаждоо ишин баштаган. Тажик жарандары такталбаган тилкеге мыйзамсыз кирип барган.

Дагы караңыз Кыргыз-тажик чек арасы: кармалгандарды алмашуу

Тажикстандын 30-35тей жараны Максат-Арка автоунаа жолунун боюна кура баштаган тосмо Кыргызстандын чек ара кызматынын талабы менен токтотулду.

Кыргызстан Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Чек тилкесинде жергиликтүү тургундарга үй курууга даярдык баштаган. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, тажик жарандары ага каршы Көк-Таш конушунун маңдайындагы Сомониён участкасында курулушту улантышкан.

Эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, тараптар курулуштарды токтотту. Тажикстан бул боюнча маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан улам жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.

Дагы караңыз

"Клооп" шайлоо протоколдору кайра жазылганы тууралуу видео жарыяладыРак оорулуу балдар "үмүт периштелерине" муктаж Элвира Сурабалдиева парламент депутаттыгына ат салышатУлуттук банк эсептик ченди 8% жогорулаттыОппозиция чогулду, БШК сервердин бузулуу себебин түшүндүрдү