Бишкек мэриясы борбор шаар Жаңы жылга жаңыча кооздоло турганын билдирди.
Жасалгаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктерди жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат. Аны дизайнер Нурбек Насыранбеков иштеп чыкканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Чыгымдар тууралуу маалымат бериле элек.
"Тазалык" ишканасы Ала-Тоо аянтына Жаңы жылдык балатыны орното баштады. Анын бийиктиги 25 метр болот.
Адатта Бишкекте майрамдык жасалга Жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары күйгүзүлөт.
"Сыябан" подкастын угуңуз
Гүлбара Маматова: Дирижерлук өнөр мага канат байлайтДаңазалуу актердин дөөлөтү менен өксүгү"Баласы оорукчан эненин бутунан өбөм"