Улуттук банк инфляцияны ооздуктоо максатында эсептик ченди 8% чейин жогорулатты. Банктын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, 2021-жылдын ноябрь айында инфляция жылдык мааниде 12,1% түзгөн. Ал эми жыл башынан тартып баалар 9,5% өскөн.
Анда баа дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы кымбаттоодон улам жогорулаганы белгиленген.
Улуттук банктын маалыматына караганда, 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ички дүң өнүмдүн өсүшү 1,6% түзгөн. Ошол эле учурда Кумтөр алтын кенин казып алууну эске албаганда ИДӨнүн өсүш арымы 4,1% чегинде катталган. 2021-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде жеке адамдар которгон акча каражатынын таза агымы 19% жогорулап, 1,6 млрд долларга жакын акча которулду.
Улуттук банк ушул жылдын октябрь айында эсептик чен өлчөмүн 7,5% деңгээлинде сактап турган. Жылдын башында, февраль айында 5,5% болгон.
23-ноябрда ушул жылдын башынан берки кезектеги эң ири интервенция жасап, өлкөнүн валюта рыногунда 70,3 миллион доллар саткан. Жыл башынан бери жалпы суммасы 517 миллион долларлык 12 интервенция жасалды.
Дагы караңыз
Amnesty International бакшы Александр Габышевдин ишине көңүл бурууну өтүндүПарламент үч депутатты жоопко тартуу маселесин карайтЭл аралык байкоочулар акыркы отчетун эки айдын ичинде жиберетМесси жетинчи жолу "Алтын топ" сыйлыгын алдыНАТО орус-украин чек арасындагы кырдаалды талкуулайтКазакстан «Омикрондун» жайылышын алдын алуу үчүн чара көрүүдө