Жогорку Кеңеш 1-декабрдагы жалпы жыйынында депутаттар Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн депутаттык комиссия түзүү маселесин карайт. Мындай сунушту башкы прокурор Курманкул Зулушев бергенин парламенттин расмий сайты жазды.
Жогорку Кеңеш камакта жаткан Жээнбеков менен Зулпукаровдун кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин 26-ноябрда кезексиз жыйынга чогулуп карамак. Бирок кворум чогулган эмес.
Эки депутат "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып камалган. 25-ноябрда Биринчи май райондук соту алардын камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узартты.
Ал эми Бакытбек Жетигенов "Бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармалып, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-январга чейин камалды. (BTo)
Дагы караңыз
НАТО орус-украин чек арасындагы кырдаалды талкуулайтДССУ: "Омикрондун" кесепети олуттуу болушу мүмкүн Мирбек Мияров байланышка чыкканы кабарланды