29-ноябрда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму баштапкы маалыматтарга таянып, коронавирустун "Омикрон" деген жаңы варианты инфекциянын тез тарашына алып келип, “кесепеттери олуттуу” болушу мүмкүн деп эскертти.
Божомолдорго ылайык, жаңы штамм алгач аныкталган Түштүк Африкада ушул жумада вирусту жуктуруп алгандар бир күндө 10 миң кишиге жетиши ыктымал. Эки жума мурун күнүнө 300 учур катталып жатты. Дарыгерлер бейтаптардын басымдуусу жаштар экенин, симптомдору жеңил болгонун белгилешет.
Коронавирустун жаңы түрүнөн көз жумгандар катталбаганы менен, ал өтө ылдам жайылууда. Бир катар өлкөлөр чек араларын жапты. Адистер муну менен убакыт утса болорун, илимпоздорго бул арада жаңы штаммды анализдеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтышат.
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасы: кармалгандарды алмашуу Шайлоого нааразы болгон Анвар Сартаев ачкачылык жарыяладыКазакстан «Омикрондун» жайылышын алдын алуу үчүн чара көрүүдөСадыр Жапаров: БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кеттиНАТО орус-украин чек арасындагы кырдаалды талкуулайтЖаңы жылдан тарта 110 миңден ашуун үй-бүлө электрге 50 тыйындан төлөйт