НАТО орус-украин чек арасындагы кырдаалды талкуулайт

НАТОнун тышкы иштер министрлери Ригадагы жыйында орус-украин чек арасындагы кырдаалды жана мигранттар кризисин талкуулаганы жатышат. Блоктун баш катчысы Йенс Столтенберг орус аскерлеринин коңшу өлкө менен чек арага тартылышына буга чейин бир нече жолу камтамасын билдирген. Москва Украинага каршы күч колдонууну чечсе, “кесепети” оор болоорун эскерткен. Столтенберг Орусиянын көздөгөнү азырынча белгисиз деп АФП агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, Латвиянын башкалаасында Киевге кошумча аскердик жардам берүү, альянстын чыгыш чек арасын бекемдөө мүмкүнчүлүгү каралмакчы.

НАТОго кошулууга умтулган Украинанын атынан жыйынга тышкы иштер министри Дмитро Кулеба катышууда. 29-ноябрда министр кырдаалды олуттуу деп сыпаттап, “Орусияны ооздуктоо” үчүн эртерээк чара көрүү керектигин билдирди.

Кремль өз аймагында аскерлерин каалагандай жайгаштырууга укуктуу экенин айтып, коңшу мамлекетке кол салууга даярданууда деген маалыматтарды четке кагууда.

Дагы караңыз

Казакстан «Омикрондун» жайылышын алдын алуу үчүн чара көрүүдөДССУ: "Омикрондун" кесепети олуттуу болушу мүмкүн БШК сервердин бузулганы тууралуу түшүндүрмө бердиШайлоого нааразы болгон Анвар Сартаев ачкачылык жарыяладыСадыр Жапаров: БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кеттиЖаңы жылдан тарта 110 миңден ашуун үй-бүлө электрге 50 тыйындан төлөйт