Жаңы жылдан тарта 110 миңден ашуун үй-бүлө электрге 50 тыйындан төлөйт

Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 50 тыйындан төлөй баштарын кабарлады. Министрликтин маалыматы боюнча, эгерде керектөө 700 кВт/саттан ашса 2,16 сомдон төлөнө баштайт. Документ даяр болгондон кийин макулдашуу үчүн Министрлер кабинетине жөнөтүлөт.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук Кеңшинин жыйынында аз камсыз болгон 110 518 кожолукка электр жарыгынын баасын 50 тыйынга түшүрүү тапшырмасын берген. Калган 27 тыйын бюджеттен төлөнөт. Бул тариф канчага чейин созулары так айтылган эмес.

Улуттук статистика комитетинин жана БУУнун Азык-түлүк программасынын изилдөөсүндө, Кыргызстанда жакыр жана жакырчылыктын чегинде жашаган калктын саны 2,2 млн. экени айтылган.

15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган.

Ал эми калк 700 кВт/саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин белгиленген. (BTo)

Дагы караңыз

Шайлоого нааразы болгон Анвар Сартаев ачкачылык жарыяладыМесси жетинчи жолу "Алтын топ" сыйлыгын алдыБШК сервердин бузулганы тууралуу түшүндүрмө берди«Азаттык» партиясы кайра шайлоо өткөрүү талабы менен бийликке кайрылды Текебаев шайлоочуларга жана талапкерлерге кайрылдыМирбек Мияров байланышка чыкканы кабарландыТаласта шайлоонун жыйынтыгына нааразылар кайрадан митингге чыгышты"Альянс" БШК сайтындагы катачылык боюнча далилдүү түшүндүрмө талап кылат