«Азаттык» партиясы кайра шайлоо өткөрүү талабы менен бийликке кайрылды 

Добуштарды саноо учуру. 28-ноябрь. 2021

Парламенттик шайлоого катышкан «Азаттык» саясий партиясы 30-ноябрда бийликке кайрылып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды. Партиянын мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, башка да саясий уюмдарды алардын катарына кошулууга чакырышты.

Сөз болуп жаткан партиядан депутаттыкка талапкерлигин койгон Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков алардын добушу уурдалганын айтты.

«БШКнын сервери бузулбаса, биз азыраак добуш алсак, «ооба, биз жеңилдик» деп айтмакпыз. Биз добуштарыбыз каякта деп сурап атабыз. Добуштардын 90% жакыны саналып бүткөндө партиянын добушу 80 миңге жакындаган. Шайлоо комиссияларынан келген маалымат боюнча партиянын алган добушу 106 миң болду. Аны кантип эсептеп, далилдеп бересиңер?».

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын жыйынтык чыгарган сервери иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. БШК бул мүчүлүштүккө 30-ноябрда түшүндүрмө берди.

"Сервер маалыматтарды автоматтык түрдө кызыл квадрат менен белгиленген, БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт. БШК адиси Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШК адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. АСУда да (автоматташтырылган эсептөөчү урна) жана негизги системада да маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган системанын иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат", - деп жазылган БШК тараткан маалыматта.

Бир катар партиялар муну «көз боёмочулук» деп, 29-ноябрда Боршайкомдун алдына нааразылык акцияга чыгып шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылып, аларды бюллетендерди кол менен санап чыгууга чакырган.

Парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду. (BTo)

Дагы караңыз

Мирбек Мияров байланышка чыкканы кабарландыБШК сервердин бузулганы тууралуу түшүндүрмө бердиТаласта шайлоонун жыйынтыгына нааразылар кайрадан митингге чыгыштыТекебаев шайлоочуларга жана талапкерлерге кайрылды"Альянс" БШК сайтындагы катачылык боюнча далилдүү түшүндүрмө талап кылат