Текебаев шайлоочуларга жана талапкерлерге кайрылды

Өмүрбек Текебаев. Архив.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоочуларга жана талапкерлерге кайрылды. Саясатчы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо алардын добушу уурдалганын айтты.

"Сиздердин добуш туура берилгенине, туура колго түшкөнүнө ишенсеңиздер болот. "Ата Мекен" партиясынын талапкерлери аз акча кетирип натыйжалуу шайлоо кампаниясын өткөрдүк. Иликтөөгө караганда, алдыңкы лидерлердин тобунда куйрук улаш бара жатканбыз. Бирок жасалмалоо, административдик ресурстун аралашуусунун, каржылык басымдын жыйынтыгында добуштарыбыз уурдалды. Бийликтин партиясы дегендерге добуштар кошулду. Ошондуктан сиздердин жеңиш колубузга тийген жок", - деди саясатчы.

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Дагы караңыз Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

Бир катар партиялар муну "көз боёмочулук" деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, дүйшөмбү күнү БШКнын алдында митинг өткөрүштү.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова серверден техникалык мүчүлүштүк кеткенин айтып, анын добуш саноого зыяны тийбегенин билдирип жатат. Боршайком толук жыйынтык бюллетендер кол менен саналып бүткөн соң чыга турганын, ага 2-3 күн кетерин билдирүүдө. Саат 13:30га карата бюллетендердин 23% жакыны кол менен саналып бүттү.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% босогодон өтүп, утканы айтылууда. БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасынан алынган алгачкы маалымат боюнча "Ата Мекен" шайлоочулардын 3,5% добушун алган.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% түздү.

Дагы караңыз

БШК сервердин бузулганы тууралуу түшүндүрмө бердиСтатистика: Кыргызстанда жогорку билимдүү аялдар көп"Альянс" БШК сайтындагы катачылык боюнча далилдүү түшүндүрмө талап кылатКант диабети менен ооруган 45 миңдей бейтапка жардам берилет