"Тегеран-43" фильминин режиссеру Владимир Наумов дүйнөдөн кайтты

Владимир Наумов. Архивдик сүрөт

СССРдин эл артисти, кинорежиссер Владимир Наумов 94 жашында көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын кинематографисттер биримдиги маалымдады.

Маркум 1927-жылдын 6-декабрында Ленинград шаарында туулган. Ата энеси экөө тең кинодо иштечү. Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) аяктагандан кийин режиссер Игорь Савченконун ассистенти болуп иштеген.

Көп жылдар бою дагы бир белгилүү режиссер Александр Алов менен кызматташып, 11 фильмди чогу тартышкан.

Алардын арасында “Тиль жөнүндө уламыш”, “Тандоо”, “Жээк”, “Тегеран-43” тасмалары бар.

Дагы караңыз

"Омикрон" штаммынан улам Жапония чет өлкөлүктөр үчүн жабылдыПрезидент Жапаров добушун абактагы Жээнбековго бергенин ырастадыКүч органдары Мияров атайын кызматка чакырылбаганын билдириштиИманкулов: БШК сайтындагы мүчүлүштүк эки тизме кошулгандан чыкканКоронавирус: жигиттерге кооптуу "Омикрон" Шайлоо: добуштар кол менен саналууда