Бир мандаттуу округдардан аял талапкерлер жеңишке жете албады

Бир мандаттуу округдардын картасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды автоматтык санаган системасынын баштапкы маалыматтарында бир мандаттуу округдардан жеңишке жеткен талапкерлердин арасында бир да аял жок.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин ичинде 20 аял бар болчу. Ош жана Талас облустарында бир мандаттуу округдардан бир да аял талапкер чыккан жок.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коопсуздук кеңешинин 26-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке ат салышып жаткан партиялардын тизмесинде талапкерлердин 36% аялдар түзөрүн билдирген.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 28-ноябрдагы шайлоо аралаш система менен өттү. Шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет.

Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. (ZKo)

Дагы караңыз

"Ата-Журт Кыргызстандын" өкүлү административдик ресурс колдонулбаганын айттыШайлоонун баштапкы жыйынтыгы алты партия 5% чектен өткөнүн көрсөтүүдөШайлоонун баштапкы жыйынтыгы расмий жарыяландыТекебаев шайлоонун жыйынтыгында абсурддук өзгөрүүлөр болгонун билдирдиШайлоо: Акылбек Жапаровдун маалымат жыйыны болбой калды Сулайманов шайлоо салыштырмалуу жакшы өткөнүн билдирди Шайлоо: Ошто журналистке кол салуу майда бейбаштык менен териштириле баштады Садыр Жапаров шайлоо таза өткөнүн билдирди