Чехия: Петр Фиала премьер-министр болуп дайындалды

Петр Фиала, Чехиянын жаңыдан дайындалган премьер-министри.

Чехияда 28-ноябрда премьер-министрлик кызматка Петр Фиала дайындалды.

Либералдык-консервативдик агымдагы саясатчы Фиала 2012-жылдын майынан 2013-жылдын июлуна чейин Нечастын өкмөтүндө билим берүү, жаштар жана дене тарбия министри болгон. Академиялык коомчулукта ал Брнодогу Масарк университетинин мурдагы ректору жана проректору катары белгилүү.

Ал оңчул либералдык-консервативдик саясат үчүн идеологиялык негиз түзүү максатын койгон "Оң жээк" аналитикалык борборун жетектеген.

2007-2012-жылдары Тоталитардык режимдерди изилдөө институтунун башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Чехиянын президентинин сайтында маалымдалгандай, өкмөт башчыны дайындоо аземи өзгөчө кырдаал жана учурдагы санитардык-эпидемилогиялык чектөөлөр киргизилген учурда Конституциянын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында даярдалды.

Жакында Чехиянын президенти Милош Земандан COVID-19 вирусу табылып, ал кайра ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Премьерди дайындоо иш-чарасында тазалык эрежеси катуу сакталып, Земан ага макул болгону айтылды. Ал коляскада отуруп, аны менен премьер-министрдин ортосу атайын айнек тосмо менен менен бөлүндү. Экөө тең аудио жана визиуалдык байланышта болушту.

Дагы караңыз

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү"Жалпы иш" коомдук фонду 30дан ашуун мыйзам бузууну каттаганын маалымдадыПарламенттик шайлоого добуш берүү аяктады Бишкек абанын булганышы боюнча индексте алдыңкы катардаЭКУ саммити: Ашхабад консенсусу кабыл алындыБШК мүчөсү Шайназаров добуш берүү деңгээли боюнча комментарий берди