Бишкек абанын булганышы боюнча индексте алдыңкы катарда

Бишкек шаары.

World Air Quality уюмунун 28-ноябрдагы иликтөөсү боюнча Бишкек абанын булганышы боюнча алдыңкы 10 шаардын ичине кирди. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 177ни көрсөттү.

Аталган уюмдун иликтөөсүнө караганда, биринчи орунда Индиянын Дели шаары турат. Кийинки орундарды Пакистандын Лахор, Кытайдын Пекин, Ооганстандын Кабул жана Бангладештин Дакка шаарлары ээледи. Бишкек 6-орунда турат.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтындагы маалыматта Бишкектеги абалга кооптуу деген баа берилген.

Индекс (AQI) азыр 177 деп турат. Негизи, көрсөткүч 50дөн ылдый болгондо гана аба таза дегенди түшүндүрөт.

Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.

Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. Шаардын асманын кара түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр интернетте тынымсыз жарыяланып келет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги ыш: көйгөй качан чечилет?

Дагы караңыз

Шайлоо-2021: Чет өлкөдө шайлоочулардын 8% жакын добуш бердиОш милициясына шайлоого байланыштуу 16 арыз түштүСаат 18:00гө карата шайлоочулардын 28% добуш берди Шайлоодо прокуратурага 70тей арыз-даттануу түштү Кара-Сууда төрт аптадан бери изделип жаткан 15 жаштагы кыз табылды