Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына жазды. Анда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен коронавирустун "Омикрон" деп аталган түрүнүн жайылуу коркунучу талкууланганын билдирди.
ДССУ Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы штаммын "Омикрон" деп атаган. Уюмдун маалыматына караганда, мутациялардын сериясына кабылган B.1.1.529 вирусу организмдеги протеиндин курамына таасир этет. Азыркы вакциналар мындай өзгөрүүгө жетиштүү күрөшө албашы мүмкүн.
Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы аныкталган.
Бул штамм Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия жана Германияда аныкталды. Көпчүлүк мамлекеттер "Омикрон" катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотту.
Дагы караңыз
Аксыда айрым добушканалардагы эмдөө нааразылык жараттыБишкек менен Чүйдө добуш берүү солгун жүрүп жатат (карта)Шайлоо: Сахалинде добуш берүү аяктады Саат 16:00гө карата добуш берүү көрсөткүчү 22% аштыНарын: Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,3% добуш берди