Шайлоого катышуу былтыркыга салыштырмалуу төмөн болууда

Бишкектеги добушканалардын бириндеги шайлоо учуру. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, саат 14:00гө карата активдүүлүк Нарын облусунда байкалууда.

Бул дубанда шайлоого келгендер 18,9%, Талас жана Ош шаарларында 18%, Баткен облусунда 17,9%, Ош облусунда 17,3%, Жалал-Абад облусунда 16%, Ысык-Көл облусу менен Бишкек шаарында 15% ашык. Эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусунда - 14%. Ал эми Тышкы иштер министрлиги өлкө сыртында ачкан добушканаларда 3% ашык шайлоочулар добушун берди.

Кыргызстан боюнча ушул саатка карата шайлоочулардын 16,27% добуш берди. Шайлоо бекеттери саат 8де ачылган, саат 20:00до жабылат.

Былтыркы парламенттик шайлоодо саат 14:00гө карата катышуу 28% болгон эле.

Буга чейин өлкө жетекчилиги шайлоого катышуучулар төмөн болушу мүмкүн экенин эскертип, жарандарды активдүү добуш берүүгө бир нече ирет чакырган.

Бүгүнкү парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. (RK)

Дагы караңыз

Жаңы парламент кандай болот? Эксперттердин пикириСаат 14:00гө карата шайлоочулардын 16% ашыгы добуш бердиТокмок: №7064 шайлоо тилкесиндеги бир үкөк алмаштырылды Жалал-Абад: Облус башчысы элди шайлоого активдүү катышууга чакырды Шайлоо-2021: Жаңы эрежелер элге түшүнүктүүбү?