ИИМ: Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү кармалды

Медет Садыркулов.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалганын билдирди. Бишкектеги Биринчи май райондук соту 27-ноябрда анын бөгөт чарасын карап, №1 тергөө абагында эки айга камоо тууралуу чечим чыгарды.

Сапарбековдун жактоочусу жана жакындары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Айрым бир маалыматтарга караганда, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон.

Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттаган.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кайра иш козголуп, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен иниси Жаныш Бакиевге "бул иштин башында турган, буйрук берген" деген айып коюлган.

Дагы караңыз

Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 9% ашыгы добуш бердиШайлоо-2021: Үгүткө аралашкан маданият кызматкерлери иштен алындыПарламенттик шайлоо менен катар айрым жергиликтүү кеңештерге дагы шайлоо өтүп жататМадумаров админресурсту жана добуш сатып алууну тыюу кыйын экенин айтты Ош: милиция "шайлоочуларды ташыды" деген маалыматты текшерүүдө