Ош: милиция "шайлоочуларды ташыды" деген маалыматты текшерүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто шайлоочуларды ташууга шек саналган автобустун айдоочусун милиция кармап кетти. Буга чейин №4316 тилкеде шайлоочулар ташылып жатканын Фейсбук колдонуучулары жазган.

"Бизге шайлоо участкага кишилерди маршрутка менен ташып жатат деген маалымат түшкөн. Азыр бөлүмгө алып барып сурайбыз. Маалымат чын чыкса, чара көрөбүз", - деп билдиришти Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан.

Дагы караңыз Шайлоо: добуштар кол менен саналууда


Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда, бүгүн жалпысынан шайлоого байланыштуу эки маалымат түшкөн. Алардын бири шайлоо күнү үгүт жүргүзүү, экинчиси шайлоочуларды жапырт ташууга байланыштуу.

Ал эми үгүт иштеринин жүрүшүндө жалпысынан 31 маалымат катталган. Анын ичинен өндүрүштө алты материал бар, сотко беш материал жөнөтүлдү. Тергөө учурунда ырасталбаганы үчүн беш материал кыскарды. Жети материал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Сегиз материал башка материалдарга бириктирилген.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. (DU)

Дагы караңыз

ЕККУнун координатору жарандардын шайлоодогу активдүүлүгүн жогору бааладыТекебаев шайлоо салыштырмалуу таза өтүп жатканын билдирдиКоопсуздук кеңешинин катчысы жарандардан добушун сатпоону сурандыТүркияда үч шайлоо тилкеси ачылды