Кыргызстанда 2021-2022-жылдардын кышкы туристтик сезону 27-ноябрда расмий ачылды.
“Каракол” тоо лыжа комплексинде өткөн ачылыш аземинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өлкөнүн туристтик дараметин жогорулатуу жана ага шарт түзүү негизги маселелерден экендигин белгиледи.
Кышкы туристтик сезондун ачылышына Туризм департаменти, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги, швейцариялык туризмди Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү долбоору, туристтер жана эс алуучулар катышты.
Өлкөдө 23 тоо лыжа базасы бар, учурда анын 17си иштейт. Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров "Центерра Голд" жаңы сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаганын билдирдиКоронавирустан дагы бир бейтап көз жумдуПрезидент Садыр Жапаров жарандарды активдүү добуш берүүгө чакырды