Шайлоону уюштурууга бюджеттен 592 миллион 531 миң сом кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңешке шайлоону уюштурууга бюджеттен 592 миллион 531 миң сом кетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коопсуздук кеңешинин 26-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Шайлоодо ат салышып жаткан 21 партиянын шайлоо фондуна 221 миллион 343 миң 406 сом түшүп, анын 200 млн. 671 миң 564 сому сарпталды.

Бир мандаттуу округдардагы талапкерлердин фондуна 253 миллион. 188 миң 663 сом түшүп, анын 201 миллион. 857 миң 97 сому коротулду.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Добуш берүү жараянына 756 эл аралык байкоочу көз салат.

2020-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына оппозициялык партиялар жана жарандык коом нааразылык билдирип, бийлик алмашкан жана шайлоо жокко чыгарылган.