"Озоди": Хорогдо дагы ок атылды

Тоолуу Бадахшан.

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын тажик кызматы Тоолуу Бадахшан облусунун борбору Хорогдо нааразылык акциялары, кагылышуулар уланып жатканын жазды.

27-ноябрда чогулган элдин алдына чыккан Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жетекчиси Алишер Мирзонаботов аларды тынч таркап кетүүгө чакырган.

Ал имаратка кирип бара жаткан учурда митингге чыккандар таш ыргытып, ок атылган. Натыйжада бир нече адам жарадар болгону кабарланууда. Айрымдары төрт киши жараат алганын жазышса, кээси эки киши жабыркаганын билдиришти. Бийлик бул кабарды ырастай элек.

Бул күнү Дүйшөмбүдө тажик бийлигин жактаган ондогон адамдар Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнүн алдына чогулган.

Алар Хорогдогу кагылышуу учурунда каза тапкан күч кызматкерлеринин сүрөтүн көтөрүп чыгып, "Бадахшан - Тажикстандын бир бөлүгү", "Күнөөлүүлөр жазалансын" деген ураандарды чакырышты.

Дагы караңыз Хорогдо дагы ок атылды, жарадарлар бар

Күбөлөрдүн "Озодиге" кабарлашынча, чогулгандар БУУнун өкүлчүлүгүнүн имаратынын дарбазасын каккылаган. Аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери токтоткон эмес. Окуя болгон жерде бир нече тажрыйбалуу кинооператорлор барган.

Ошол маалда акция уюштургандардын алдына бадахшандык 10 адамдан турган топ келген. Алар чогулгандар көтөрүп турган плакаттарды айрып, алардын талабына нааразылык билдиришкен. Мындан кийин милиция эки тараптан тең жыйырмадай кишини кармап, алып кеткен. Акциянын калган катышуучулары тараган.

Тажикстанда 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин ондогон адамдар нааразылык билдирип, митингге чыккан.

Алар маркумдун сөөгүн облустук администрациянын имаратына алып келип, бийликтен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан.

Митингде чогулгандар менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кагылышып, үч адам набыт кетип, онго жакын демонстрант ар кандай деңгээлде жараат алган. Кагылышуудан жабыркагандар арасында коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери бар.

Бул күнү Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдында да нааразылык билдирген жүздөгөн киши чогулган.

26-ноябрь күнү эртең менен нааразылык акциясы уланып, Хорогдун жана анын тегерек-четинин ондогон тургундары акимчиликк келген. Митингчилер түнү бою акимчиликтин жанындагы аянтта өткөргөнү кабарланды.

Хорог - Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору, ал аймак Кыргызстандын Чоң-Алай району менен чектеш. (BCh)

Дагы караңыз

Кыргызcтандын климаты: Сел күчөдү, аба булганды, илдет көбөйдү Шайлоо: Чүйдө кармалгандардын жакындары үн катты УКМК камагандардын жакындары үн каттыАба ырайы: 28-ноябрда күн ачык болот