Кара-Суу районунун тургундары 24-ноябрь күнү "Ата-Журт Кыргызстандын" штабынын жанынан ири суммадагы акчасын таштай качкан кишини милицияга кармап берген. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, шектүү көрсөтмөсүндө 259 миң сомду машина алуу үчүн жанына алып жүргөнүн айткан. Ошондой эле ал "Ата-Журт Кыргызстандын" штабын машина алып берүүнү суранган Нагима аттуу аялдын үйү деген.
Учурда иш Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө добуш сатып алууга аракет кылуу боюнча катталып, тергөө иштери уланууда. Партия өкүлдөрү комментарий бере элек.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Бүгүн, 27-ноябрь жымжырттык күнү.
Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. (DU)
Дагы караңыз
Теледебат: эки лидер катышпаганы жана кара куурай темасы Сот Момбековдун талапкерлигин калыбына келтирдиКыргызстанда бүгүн көчмө добуш берүү жүрүп жататБишкекте перинаталдык борбордун курулушу үч жылдан бери токтоп турат