Түркмөнстандын айрым бала бакчаларында орус тилиндеги мультфильмдерди көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы Билим берүү министрлигинин өкүлүнө шилтеме бирип, маалымат таратты.
Лебап облусундагы үч бала бакчада орус тилинде мультфильм көрсөткөнү үчүн бир нече тарбиячы иштен алынганы кабарланды.
Билим берүү тармагынын кызматкеринин айтымында, жакында ашхабаддык инспекторлор аймактардагы билим берүү мекемелерин текшерген.
"Инспекторлор мугалимдерди балдарга орус тилинде мультфильм көрсөтүп жатат деп күнөөлөп, жумуштан бошотушту. Бала бакчанын жетекчилери аларга катуу сөгүш жарыялашты", — деди ал.
Текшерүүчүлөр бала бакчаларда мультфильмдерди түркмөн тилинде гана көрсөтүү керектигин айтышты.
Текшерүүчүлөр башталгыч класстын окуучуларынын дептерлерин текшерип, чет элдик кино каармандарынын сүрөттөрүн атамекендик образдарга алмаштырууну да талап кылышкан.
"Мукабада дептер деген сөз орусча жазылган болсо, аны колдонбоо керек", - деди билим берүү мекемесинин кызматкери.
"Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, Түркмөнстанда темир жол бекеттеринен, аэропорттордон жана унаалардан орус тилиндеги эскертүүлөр, нускамалар алынып салынууда.
Эки тилдеги жарыялар да өчүрүлөт. Эми баары түркмөн тилинде жазылат.
Дагы караңыз
Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү Асамидин Мариповдун ишин текшердиКузбасста каза болду деген алты куткаруучунун бирөө тирүү табылдыУлуттук коопсуздуктун жаңы концепциясы даярдалды