Аба ырайы: мезгил-мезгили менен кар жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

26-27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. 26-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, күрткү түшөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0...-5, күндүз 5…10;​

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;​

Бийик тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15;

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 3…5 градус болот.

Дагы караңыз

Президент ишкерлерди оффшордогу акчасын кайтарууга чакырдыБийликти басып алууга шек саналгандар арасында талапкер Купешов бар экени белгилүү болдуАламүдүн округунан талапкердин үгүтчүсү кармалдыУКМК бийликти күч менен басып алууга шек саналгандар кармалганын билдирди