Момбеков БШКнын чечимине каршы сотко арыз тапшырды

Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилгенине байланыштуу сотко арыз тапшырды. Бул тууралуу ал, бүгүн 26-ноябрда видео кайрылуусунда айткан. Мурдараак Момбековду Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоодон четтеткен. Буга анын диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болгон. Саясатчы бийликти сындап келаткандыктан кысымга кабылганын жана конституциялык укугу бузулганын айтып чыккан.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Аталган университеттин адистери да ага диплом берилгени тууралуу архивдик материалдарда документтер жоктугун билдиришкен.

Саясатчынын өзү муну кескин четке кагып келет.


2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. "Ата Мекен" партиясы аталган норма адамдын конституциялык укугун чектейт деп Конституциялык сотко кайрылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 26-ноябрь үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнү.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Дагы караңыз

Быйыл партиялардын шайлоо фондуна үч эсе аз каражат түштүУКМК бийликти күч менен басып алууга шек саналгандар кармалганын билдирдиКоронавирустан дагы үч бейтап каза болуп, 74 учур жаңы катталдыЖапаров "Мегакомдо" миллиарддаган акча желип жүргөнүн айттыИманкулов шайлоо мыйзамдарын бузган 300дөн ашуун факты катталганын билдирди