Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Анда Кумтөр иши боюнча айыпталып, камакта жаткан парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун депутаттык кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси каралат.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев эки депутаттын кол тийбестигин алуу боюнча парламентке сунуштама жөнөткөн.
Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Кумтөр иши боюнча ушул жылдын май айында камакка алынган.
25-ноябрда Биринчи май райондук соту Жээнбеков менен Зулпукаровдун камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узартты.
"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.
Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келатышат.
Дагы караңыз
Теледебат: Люстрация, коопсуз шаар жана Матраимов Акылбек Жапаров акыркы эки күндө добуш сатып алууга катуу көзөмөл болорун эскерттиИманкулов шайлоо мыйзамдарын бузган 300дөн ашуун факты катталганын билдирдиШайлоонун коопсуздугун камсыздоого 11 миң милиция кызматкери тартылат