Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттик шайлоодо добуш сатып алууга жол бербөө үчүн акыркы эки күндө катуу көзөмөл болорун билдирди. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.
"Мыйзам бузгандар кызматтарынан четтетилди. Бул башкаларга мындай ката кетирбөөгө катуу эскертүү болду. Натыйжада тартип бузуулар эки эседен төрт эсеге азайды, партиялардын фонддорунун сарптоосу үч эседен алты эсеге азайды. Бирок ушул акыркы эки күндө акча чачкандарга катуу көзөмөл болорун эскертип коёюн".
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.
Жыйындын күн тартибине алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, Улуттук коопсуздуктун концепциясы жана энергетикалык коопсуздук маселелери чыгарылган.
Дагы караңыз
Иманкулов шайлоо мыйзамдарын бузган 300дөн ашуун факты катталганын билдирдиТеледебат: Люстрация, коопсуз шаар жана Матраимов Шайлоонун коопсуздугун камсыздоого 11 миң милиция кызматкери тартылатЖапаров "Мегакомдо" миллиарддаган акча желип жүргөнүн айтты