Ошто "Ыйман Нурунун" үгүтчүсү добуш сатып алууга шек саналып кармалды

ИИМ тараткан сүрөт.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы 24-ноябрда өзүн "Ыйман Нуру" партиясынын үгүтчүсү деп тааныштырган тургунду кармады. Аны тинтүүгө алганда жанынан үгүт кагаздары жана акча табылган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында, Ош шаардык милициясы "Ыйман Нуру" саясий партиясы добуш сатып алуу үчүн акча таратканын аныктаган.

"М. И. (шектүү жаран) тергөө аракеттеринин жүрүшүндө окуя боюнча суралды. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясында келишимдин негизинде үгүтчү болуп иштеп жатканын айтты. 2021-жылдын 22-ноябрында Алмагүл аттуу штаб башчысынан шайлоочуларды сатып алуу максатында 40 миң сом алганын, 24-ноябрда аталган акчаны Ош шаарынын Латипжанов көчөсүндө жашаган шайлоочуларга таркатып берип жаткан жеринен кармалган", - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Мындан бөлөк дагы эки үгүтчү кармалып, алар да милицияга добуш сатып алууга аракет кылышканын моюнга алган.

Натыйжада эки жарандын үстүнөн Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүмүндө ("Шайлоочуларды сатып алуу") көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, экөө тең Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Ыйман Нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Ошто добуш сатып алууга шек саналып кармалган үгүтчү тууралуу маалымат берди.

"Чыккан сүрөт, видеолорду жакшылап караса башка партиянын үгүт материалдары жана гезиттери турат. Үстүнө биздин материалдардан эки-үчтү коюп коюптур. Биздин партияга тиешеси жок эле адамдар. "Күнөөсүздүк презумпциясы" деген бар да тактап, дааналап сураса болмок".

Кадырбеков кармалгандар партияда үгүтчү катары расмий каттоодо жок экенин айтты.

Буга чейин Ошто "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын участка башчысы шайлоодо добуш сатып алууну уюштурууга шек саналып кызматтан алынган.

Кыргызстандын жогорку бийлиги парламенттик шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартыларын айтып келүүдө. Ушундай жүйө менен буга чейин бир катар чиновниктер кызматтан кеткен.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган. (DU)

Дагы караңыз

Мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзам жазылдыОкумуштуу археологиялык изилдөөлөрдү каржылоого мамлекетти чакырдыЭсеп палатасынын аудитору жана инспектору кармалды