26-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

26-27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. 26-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

26-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Ал эми Жалал-Абад, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз -3…+2;

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 0…-5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0...5, күндүз 1…6;​

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;​

Бийик тоолордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;

Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 0…2 градус болот.

Дагы караңыз

Окумуштуу археологиялык изилдөөлөрдү каржылоого мамлекетти чакырдыАдам укуктарына арналган өнөктүк Баткенден башталды"Кумтөр иши" боюнча камалгандардын абактагы мөөнөтү узартылдыОш шаардык кеңеши жол кирени көтөрүү боюнча токтом кабыл алдыШайлоо: бир мандаттуу округдан дагы үч талапкер баш тартты