Ош шаардык кеңеши жол кирени көтөрүү боюнча токтом кабыл алды

Ош шаары.

Ош шаардык кеңешинин 25-ноябрдагы кезексиз сессиясында жол кирени көтөрүү боюнча токтом кабыл алынды. Ага ылайык, маршруттук кичи автобустар кечки саат жетиге чейин 15, андан кийин 20 сомдон жол кире ала турган болду.

Ал эми окуучулар болсо жол киреге беш сомдон төлөшөт. Муниципалдык транспорттун - троллейбуска жана автобуска​ жол акысы мурдагыдай 10 сом бойдон калды. Токтом 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.

Буга чейин маршруттук таксилер 10 сомдон каттап жаткан. Алардын тарифи акыркы жолу 2013-жылы сегиз сомдон 10 сомго көтөрүлгөн болчу.

Учурда шаар ичинде жүргүнчү ташыган 26 троллейбус, 18 автобус, 650 маршруттук кичи автобус каттамга чыгат.

Бишкекте 1-ноябрдан жол кире кымбатаса, 15-ноябрда Жалал-Абад шаарында дагы жол акы көтөрүлгөн. (DU)

Дагы караңыз

"Кумтөр иши" боюнча камалгандардын абактагы мөөнөтү узартылдыШайлоо: бир мандаттуу округдан дагы үч талапкер баш тарттыАдам укуктарына арналган өнөктүк Баткенден башталдыТемирлан Султанбеков УКМКда болуп чыкты"Кумтөр иши" боюнча камалган саясатчылардын тарапташтары сот алдына чогулуштуКоронавирустан эки бейтап каза болуп, 70 учур жаңы катталды